Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

16:15 31.10.2022

Баткенде чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин ачылган атайын эсепке элден 330 миллион 750 миң сом чогулду жана анын 138 милиондон ашыгы жабыркагандарга кенемте катары таратылып берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-октябрда Баткенде өткөргөн жыйында айтылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Жапаров кыйраган турак жайларды калыбына келтирүү, курулуш жай жүрүп жатканын сынга алды, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскертти.

16:14 31.10.2022

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Баткендеги калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, талкаланган 422 үйдүн орду бузулуп, тазаланган. Учурда Баткен районунда 164, Лейлекте 13 үйдүн пайдубалы курулууда. Жалпы 138 үйдүн пайдубалы бүтүп, 27 турак жайдын дубалы курулуп жатат.

"Мындан сырткары Баткен облусунда жалпы 68 мобилдик, 40 кийиз үй, 26 боз үй орнотулду. Ал эми кампада бир кийиз үй, 61 боз үй, эки бөлмөлүү беш жана бир бөлмөлүү төрт мобилдик үй, 109 чатыр, 1100 комплект керебет, матрац, жаздык, шейшеп, 140 буржуй меши, 300 даана электр жылыткыч сактоодо турат", - деп айтылат маалыматта.

16:13 31.10.2022

Жапониянын өкмөтү Кыргызстанга гранттык негизде бир миллион доллар жардам бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул маалыматты "Азаттыкка" Жапониянын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарына жардам катары берилет.

"Жапон өкмөтү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын жардамы менен тамак-аш, баш калкалоочу жай жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт", - деп айтылат билдирүүдө.

13:45 21.10.2022

Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, 21-октябрга карата Баткен облусундагы жергиликтүү элди колдоого жана турак-жайларды калыбына келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен 100 млн. сом которулду. Мындан тышкары чек ара аймактарына 110 млн. сом берилди.

Ал эми Баткенге жардам берүү максатында ачылган атайын эсептен 84 млн. сом которулган.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG