Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

13:45 21.10.2022

Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1,2 миллион сом кенемте төлөнөт жана батир берилет. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда президент Садыр Жапаров чек ара маселесине байланыштуу жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен өткөргөн жыйында билдирди.

Ошондой эле Жапаров жараат алган аскер кызматкерлерине 100-200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилерин айтты.

13:44 21.10.2022

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков бийликти Баткенге, анын ичинде чек арага жакын аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Ал тийиштүү министрлерди ошол аймакка барып эл менен чогуу иштөөнү сунуштады.

13:44 21.10.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоо максатында атайын эсепке чогулган акчадан 62 млн. 650 миң сом коротулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады. Бул куралдуу кагылышта үй-жайы жабыркагандарга бир жолу берилүүчү акчалай жардамдын суммасы. Маалыматка ылайык, мындай жардам 264 адамга берилди.

Мекеме куралдуу жаңжалда үй-жайынан ажырагандарга убактылуу батир ижарасы үчүн 200 миң сомдон берилерин мурдараак билдирген.

13:43 21.10.2022

Баткенде соңку чек ара коогалаңында жараат алгандардын тогузу Бишкектеги ооруканаларда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 18-октябрда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргоо секторунун башкы адиси Кубаныч Калмаматов билдирди.

“Бирөө Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында, калгандары Улуттук госпиталда жатат. Баарынын абалы орточо туруктуу. Баарын чыгарганга даярдап жатышат”.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG