Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

ӨКМ Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча маалымат берди


Ак-Сай, Баткен. 10-октябрь, 2022-жыл.
Ак-Сай, Баткен. 10-октябрь, 2022-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Баткендеги калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, талкаланган 422 үйдүн орду бузулуп, тазаланган. Учурда Баткен районунда 164, Лейлекте 13 үйдүн пайдубалы курулууда. Жалпы 138 үйдүн пайдубалы бүтүп, 27 турак жайдын дубалы курулуп жатат.

"Мындан сырткары Баткен облусунда жалпы 68 мобилдик, 40 кийиз үй, 26 боз үй орнотулду. Ал эми кампада бир кийиз үй, 61 боз үй, эки бөлмөлүү беш жана бир бөлмөлүү төрт мобилдик үй, 109 чатыр, 1100 комплект керебет, матрац, жаздык, шейшеп, 140 буржуй меши, 300 даана электр жылыткыч сактоодо турат", - деп айтылат маалыматта.

31-октябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда эвакуация болгон 4 миңдей жаран туруктуу жашаган жерлерине кайта элек. Министрлик учурда убактылуу кабыл алуу жайларында 276, башка жарандардын үйлөрүндө 3736 адам жашап жатканын билдирди.


14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 136 770 адам эвакуацияланган. Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдоого муктаж.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны мерт болгону расмий кабарланган. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүү жай тургун. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы жай тургун.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза болуп, 200дөйү жараат алганын кабарлаган. "Озоди" өз булактарына таянып каза тапты делген 84 кишинин тизмесин жарыялады. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG