Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө


Кубатбек Жусубалиев.
Кубатбек Жусубалиев.

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде белгилүү скульптор Заур Хабибулиндин 85, Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган “Жолдо” (“Идущий”) деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Ачылыш аземине Жусубалиев өзү келип катышты.

Көргөзмө Заур Хабибулиндин Жусубалиевге арналган “Жолдо” эмгеги менен аталган. Скульптор 1937-жылы Орусиянын Красноярск аймагында туулган. Окуу жайды бүткөндөн кийин Кыргызстанга келип иштеп, бир топ эмгектерин жараткан. Ал 1988-жылы Бишкекте каза болгон.

Көргөзмө 29-октябрдан 15-ноябрга чейин уланып, анда Кубатбек Жусубалиевге арналган белгилүү скульптор жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.

Бул аптада эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өтөт. 1-ноябрда Бишкектеги Франциянын Борбор Азияны изилдөө институтунун кинозалында (17:00) жазуучунун жубайы, кинорежиссёр, маркум Клара Юсупжанова менен Кубатбек Жусубалиевдин документалдуу тасмалары көрсөтүлмөкчү. Бул тууралуу жазуучунун кызы Жамбы Жусубалиева билдирди.

Ошондой эле 10-ноябрда (14:00) Кыргыз Улуттук китепканасында Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романынын экинчи басылышынын бет ачары өтөт. 17-ноябрда (09:30) Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында “Кубатбек Жусубалиевдин философиялык дүйнөсү” аттуу илимий-практикалык конференция болот.

Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы Алай районунун Кердегей айылында туулган. Анын алгачкы аңгемелери 1963-жылы жарыяланган. 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген китеби жарык көрдү. Кийин "Толубай сынчы", "Муздак дубалдар" өңдүү бир нече аңгеме, повесттери жазылды. (AbA)

XS
SM
MD
LG