Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Изилдөө: Бишкекте абанын булганышынын негизги булагы - көмүр


Бишкек шаары. 2017-жыл.
Бишкек шаары. 2017-жыл.

Финляндиянын метеорологиялык институту Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана БУУнун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) үчүн жасаган изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Изилдөөдө Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумганы, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы - көмүрдөн болоору көрсөтүлгөн.

"Бишкек ЖЭБи PM2.5 жана PM10 деп аталган зыяндуу майда катуу бөлүкчөлөрдүн жер үстүндөгү концентрациясынын 1% азыраагын бөлүп чыгарат. Себеби анын бийик жайгашкан түтүн чыгаруучу мору булгоочу заттарды шаардан алыс таратат. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасындагы үйлөрдүн 70% көмүр менен жылытылат, бул PM2.5 майда катуу бөлүкчөлөрдүн эң коркунучтуу деңгээлин жаратат. Ушул абаны булгоочу микроскопиялык бөлүкчөлөр өпкөгө терең кирип, өпкөдөгү тоскоолдуктардан өтүп, кан айлануу системасына кирип, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларын жана өпкө рагын пайда кылышы мүмкүн", - деп айтылат изилдөөдө.

ПРООНдун туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен баяндаманын ачылышында “Бишкектеги бул көйгөйдү чечүү жана жылуулук, транспорт секторлорунда жеткиликтүү таза технологияларга өтүү үчүн жалпы системалык иш-аракеттер, инновациялык энергетикалык чечимдер керек экенин" белгиледи.

Баяндамада маселени чечүүчү мекемелерге сунуштар айтылган. Отчёттун жол картасында турак-жай сектору үчүн жылуулук насостору сыяктуу көмүргө караганда арзан баада болгон таза альтернативаларды жайылтуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар сунушталган. Бул климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө салым кошуп, саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдарды үнөмдөөгө алып келе турганы белгиленген.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек сап башында аталып келүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG