Чек арада каза болгон 63 адамдын 48и аскер кызматкери экени айтылды

Баткен.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын каза болгон 63 жаранынын 48и аскер кызматкерлери, 15и жергиликтүүлөр экенин айтты. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы карапайым адамдар.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдош керек.

Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттыкты сактоо объектиси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

Чек ара чырынан улам 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болгон, 132 миңден көбү кайра үйлөрүнө кайтып барды.

“Баткен облусун колдоо боюнча атайын эсепке 327 млн. 549 миң сом чогулду. 317 үй-бүлөгө 200 миң сомдон бөлүнгөн. Жалпысынан 63 млн. 400 миң сом берилди. Калган каражат атайын эсепте турат. Токтомдун негизинде курман болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам берилди. Каза болгон 15 адамдын жакындарына 1 млн. сомдон, оор жаракат алган жети кишиге 200 миң сомдон, жеңил жаракат алган 23 адамга 100 миң сомдон бөлүндү”, - деди Төрөбаев.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады.

Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.(BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны төрөлдү Кыргыз-тажик чек арасы: Акылбек Жапаров союз убагындагы карталар караларын билдирди Эл аралык уюмдар Тажикстанды журналист Далер Имомалини бошотууга чакырдыЖККУ: “Балдар, ынтымактуу жашайлы”