Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Эл аралык уюмдар Тажикстанды журналист Далер Имомалини бошотууга чакырды


Далер Имомали.
Далер Имомали.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) медиа өкүлү Тереза Рибейро тажик бийлигин белгилүү журналист жана блогер Далер Имомалини тез арада бошотууга чакырды.

Рибейро 18-октябрда Telegram баракчасына сот өкүмүнө таң калганын жазып, “Тажикстандагы сөз эркиндигине дагы бир сокку болду” деп билдирди. Ал Имомалинин камалышын кесиптик ишмердигине байланыштырды.

34 жаштагы Имомалиге чыгарылган өкүмдү Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) да айыптады. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гулноза Саид тажик бийлигин Имомалини жана башка соттолгон журналисттерди бошотууга, сот бийлигин көз карандысыз маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү токтотууга үндөдү.

Тажикстанда сот социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, аткаминерлердин кемчилигин айтып жүргөн Далер Имомали 15-июнда кармалган. Сот аны 17-октябрда 10 жылга эркинен ажыратты.

Акыркы үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттердин кармалышын айыптап, тажик бийлигин сөз эркиндиги чөйрөсүндө өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга, журналисттерди куугунтуктоону токтотууга үндөп жатат.

Расмий Дүйшөмбү ал чакырыктарга жооп берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG