Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Тажикстанда блогер Далер Имомали 10 жылга абакка кесилди


Далер Имомали.
Далер Имомали.

Тажикстанда сот социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, аткаминерлердин кемчилигин айтып жүргөн журналист жана блогер Далер Имомалини 10 жылга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары, сот аны айып пул төлөөгө милдеттендирди. Журналистке өкүм 17-октябрдын кечинде Дүйшөмбүдөгү тергөө абагында угузулган. Бул маалыматты 18-октябрда соттолгон журналисттин жакындары тастыкташканын "Озоди" радиосу кабарлады.

Прокуратура Далер Имомалини 10 жарым жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал "кылмыш жөнүндө жалган маалымат берген, мыйзамсыз ишкердик менен алектенген, тыюу салынган уюмдун ишине катышкан" деп айыпталган.

15-июнда кармалган журналист айыптарды четке кагып, мыйзамсыз ишкердик кылганын гана моюнуна алган.

Ал Ютубдагы материалдары үчүн алган кирешеден салык төлөгөн эмес деп шектелгени маалымдалган. Кийин жогоруда сөз болгон айыптар тагылган. Анын кылмыш иши “жашыруун” деген гриф менен каралды.

Акыркы үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. 4-октябрда Имомали менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн Абдулло Гурбати жети жарым жылга кесилген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттердин кармалышын айыптап, тажик бийлигин сөз эркиндиги чөйрөсүндө өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга, журналисттерди куугунтуктоону токтотууга үндөп жатат.

Расмий Дүйшөмбү ал чакырыктарга жооп берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG