Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

БДК оппозициялык уюму Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

“Бириккен демократиялык кыймыл” (БДК) оппозициялык уюму бүгүн 18-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе парламентте кандай шартта каралып жатканы боюнча пикирин билдирип, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда бийлик “Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга күч менен өткөрүп берүү аракетин” көрүп жатканы, “оппозиция өкүлдөрүнө, жергиликтүү активисттерге, журналисттерге жана блогерлерге жасалган кысым Жогорку Кеңештин депутаттарына басым көрсөтүү стадиясына өткөнү” белгиленди.

БДК “Парламенттик комитеттин чечимине кол коюуга мажбурлоо үчүн төрагасы Чыңгыз Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүү жол берилгис” деп эсептей турганын жазды.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон, төрагасы Айдарбеков келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айтып, чечимин тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен түшүндүргөн.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын айткан.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.

"Бириккен демократиялык кыймылы" ушул жылдын март айында түзүлгөн. Башкы максаты демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү экени айтылган. Ага саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер мүчө болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG