Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:38

Нарында ККМге каршы митинг өттү


Нарын. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарын. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 18-октябрда Нарын шаарында өкмөттүн көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонуу талабына каршы акция өттү. Мэриянын басма сөз катчысы Нурзада Мукашова “Азаттыкка” билдиргендей, шаардын борбордук аянтына Нарындын өзүнөн жана Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунан 100дөй соодагер чыкты:

“Алар ККМ аппаратына каршы болуп, жергиликтүү бийликке, КРнын Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылуу жолдошу. Соодагерлер менен президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана жергиликтүү салык кызматынын жетекчиси жолугушуу өткөрүштү. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин митингге чыккандар тарап кетиши”.

Өкмөт ККМ системасын милдеттүү түрдө киргизүү аракетин көрүүдө. Бирок буга каршы ишкерлер бир топтон бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат. Алардын талаптарын талкуулоо үчүн курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин өкүлдөрү кирген жумуш тобу түзүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG