Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:18

ЕБ Махса Амининин өлүмүнөн кийин Иранга каршы санкцияларды киргизди


Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган акцияларда жарандар көтөрүп чыккан плакаттардын бири.
Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган акцияларда жарандар көтөрүп чыккан плакаттардын бири.

Евробиримдик 17-октябрда Ирандагы адам укуктарынын бузулушуна жооптууларга каршы кошумча санкцияларды киргизгенин жарыялады.

Тизмеде 11 жаран жана төрт мекеме бар. Алар Махса Амининин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө сентябрдын ортосунда тутанган нааразылык акцияларын күч менен басканы айтылат.

Иранда адеп-ахлак полициясы хижабсыз жүргөнү үчүн 13-сентябрда кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини үч күндөн кийин каза болгон. Полиция анын жүрөгү кармап көз жумганын билдирген. Жакындары анын жүрөгү эч качан оорубаганын айтып чыккан. Күбөлөр кызды полиция кармоо учурунда катуу сабаганын билдиришкен.

Евробиримдиктин кара тизмесине Ирандын адеп-ахлак полициясы жана анын эки өкүлү, укук коргоо органдары, ошондой эле маалымат жана технология министри кирди. Ал өлкөдөгү интернетти өчүрүүгө жооптуу деп табылган.

Брюссель ошондой эле Украина менен согуш үчүн Орусияга учкучсуз учактардын берилишине байланыштуу Тегеранга каршы жаңы санкцияларды талкууламакчы.

Киев Ирандын Орусияны курал-жарак менен камсыздашын "Украинанын аймагындагы агрессияны жана согуш кылмыштарын колдоо" катары мүнөздөп келет.

Иран мындай айыптоолорду четке кагууда. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Москвага учкучсуз учактар сатылганы тууралуу маалыматты Батыш булактары атайын таратып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG