Армения Азербайжандын аскерлери чек арада ок атканын билдирди

Армян аскери.

Армениянын Коргоо министрлиги 20-октябрга караган түнү азербайжандык аскерлер чек арада кайрадан ок атканын билдирди.

Расмий билдирүүдө Азербайжандын куралдуу күчтөрү армяндардын позицияларына түрдүү калибрдеги ок атуучу куралдардан жана минометтордон ок атканы, армян тарап аны басканы айтылат.

Окуя Армения-Азербайжан чек арасынын чыгыш тарабында болгон. Жабыркагандар жок.

Азербайжан менен Армениянын мамилеси 2020-жылдын күзүндө Тоолуу Карабакка байланыштуу жаңжалдан кийин чыңалган бойдон калууда. Ал кезде эки өлкөнүн ортосундагы алты аптага созулган согуш кеминде 6900 адамдын өмүрүн алган.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башынан 2020-жылдын ноябрь айына чейин этникалык армян күчтөрүнүн көзөмөлүндө болгон.

Дагы караңыз

Талаштуу мыйзам: Кыргызстан Орусиянын жолоюна түшөбү?Аткезчилик: Баткенде кармалган миллиондорУКМК суу жээктерине көп кабаттуу үй курууга уруксат берген аткаминерди кармадыУкук коргоочулар камактагы активист Жекшеналиев боюнча президентке кайрылышты