Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

УКМК суу жээктерине көп кабаттуу үй курууга уруксат берген аткаминерди кармады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчиси суу жээктеринин курулушка берилишинин мыйзамдуулугун иликтөө иштеринин алкагында кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 20-октябрда тараткан маалыматка ылайык, УКМК Бишкек шаарынын Түштүк-Чыгыш бөлүгүндө жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан аймакта берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерип жатат. Бул иштин алкагында, чоң Чүй каналынын (БЧК) боюндагы суу коргоо зоналарынын жерлерин менчикке жана курулуш уюмдарына мыйзамсыз берүү, шаар курулушун, уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.

Анын негизинде Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы канал жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдардын пайдасына мыйзамсыз беришкен. Жыйынтыгында суу фондунун жерлеринде көп батирлүү турак үйлөр жана башка курулуштар курулган.

Бул иш боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында, Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору Д.Р.Ж. кармалып, коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG