Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Мадумаров АКШнын аскер делегациясынын Баткенге барышы боюнча түшүндүрмө сурады


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров АКШнын аскердик делегациясынын Баткен облусуна барышы боюнча тийиштүү мекемелерден түшүндүрмө талап кылды. Эл өкүлү кошуна өлкө менен азыркы мамилени эске алганда бул туура эмес деп сындады.

"Бул эгемен өлкөгө, болгондо да кошуна мамлекет менен кырдаал курч болуп турганда бул болуп көрбөгөндөй жорук. Биз ЖККУнун мүчөсүбүз, жакында эле жыйыны болуп өттү. Санкт-Петербургда дагы бүгүн-эртең жыйыны болуп жатат. Бул өнөктөш катары бизге түшүнүксүз маселе болуп жатат. Америка Кошмо Штаттары менен биздин аскердик кызматташуу жөнүндө келишимибиз, долбоору дагы жок. Жогорку Кеңеште каралган дагы эмес. Кантип аскер делегация ошол жакка келип калды, ким чакырды, кимдер менен кызматташып жатат, кандай макамда келди? Ушул боюнча кечке чейин жооп берип койсо", - деди Мадумаров.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы бул күндөрү Кыргызстанда АКШнын аскердик делегациясы иш сапар менен жүргөнүн, алар Баткенге барып, куткаруучулардын жергиликтүү элди эвакуациялоо, гуманитардык жардам жеткирүү, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги соңку окуядан улам талкаланган жана өрттөлгөн үйлөрдү, мекемелердин имараттарын тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алышканын 17-октябрда билдирген.

Маалыматта америкалык делегация менен пикир алышуу, эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү жаатында сөз болгон. Алар министрликтин карамагындагы техникалык каражаттар, куткаруу шаймандары менен тааныша турганын айтылган.

ӨКМдин маалыматы боюнча, АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер баштаган делегациянын курамында беш кызматкер бар.

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Алардын кырктан ашууну аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG