Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Таластагы жол кырсыкта жубайлар каза тапты


Талас-Суусамыр жолундагы автокырсык. (архив)
Талас-Суусамыр жолундагы автокырсык. (архив)

19-октябрда Тараз-Талас-Суусамыр жолунун Боо-Терек айылынын тушундагы тилкеде "Деу-Нексия" унаасы бакты сүзүп, өрттөнүп кеткен. Ичиндеги эки адам - 65 жаштагы Б.К. аттуу эркек жана 62 жаштагы Ж.К. аттуу аял киши каза болгон. Күбөлөрдүн айтуусунда маркумдар жубайлар болгон.

Ушул эле күнү Ысык-Ата районунда "Мерседес Бенц" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, машине Чоң Чүй каналына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерден 32 жаштагы М.у.К. аттуу эркек киши суудан сүзүп чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары автоунааны суудан чыгарган кезде ичинен 21 жаштагы И.к.Ф. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

ИИМдин маалымдашынча, 2021-жылдан 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстанда 11 722 жол кырсыгы катталган. Андан 1 247 адам мерт болгон. 18 миңден ашуун адам түрдүү жараат алган.

Жол кырсыгынан каза болгондордун 70% ашууну 25-40 жаштагы жарандар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG