Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

ИИМ Ооганстандан ташылган маңзат агымы күчөгөнүн билдирди


 Ооганстанда өндүрүлгөн «чарс» маңзатын ташыган унаа кармалган учур. Август, 2022-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык).
Ооганстанда өндүрүлгөн «чарс» маңзатын ташыган унаа кармалган учур. Август, 2022-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык).

Ооганстандан ташылган маңзат агымы күчөгөнүн Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Айдар Шыгаев 20-октябрда, брифингде билдирди.

Анын айтуусунда Ооганстандан келген маңзаттын басымдуу бөлүгү Кыргызстан аркылуу Казакстан, Орусия жана Европа өлкөлөрүнө ташылат.

"Талибдер маңзатка каршы күрөшүп жатканын билдиргени менен, маңзат агымы күч алганын байкап атабыз. Басымдуу бөлүгү жүк ташуучу автоунаалар менен, азыраагы тоолордогу катаал жолдор менен ташылат", - деди Шыгаев.

Брифингде Кыргызстанда жасалма маңзат көбөйгөнү тууралуу да айтылды. ИИМдин маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча жыл башынан бери 216 кг жасалма маңзат алынган. Алар Орусия, Казакстан жана Кытайдан келет. ИИМдин маалыматына караганда, жасалма маңзаттар интернет аркылуу сатылат. Аны таратууга көбүнчө жаштар тартылууда.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети август айында Тажикстан - Кыргызстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңгизаттарды - Ооганстанда өндүрүлгөн «чарсты» ташуу менен алектенген эл аралык маңзат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган.

2020-жылы баңгизатка байланыштуу 795 кылмыш иши катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм, 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG