Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

УКМК баңгизаты бар оогандык жүк кармалганын билдирди


Сүрөт УКМКдан алынды.
Сүрөт УКМКдан алынды.

Атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 17 килограмм 192 граммды түзгөн ооган тектүү "чарс" баңгизаты бар жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматта жүк узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө колго түшкөнү айтылат.

"Узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө Тажикстан - Кыргызстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңгизаттарды - Ооганстанда өндүрүлгөн «чарсты» ташуу менен алектенген эл аралык маңзат тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. 8-сентябрында ыкчам издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары анын ичинде Коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүүлөр Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы бармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

2020-жылы баңгизатка байланыштуу 795 кылмыш иши катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм, 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG