Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

"Ихсандын" жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын абактагы мөөнөтү узартылды


"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева.
"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева.

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырган чечимин чыгарды.

Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Чечимге ылайык, Бекмурзаева 8-ноябрга чейин №1 тергөө абагында болот.

Ал 11-июнда Бишкекте кармалган, сот аны эки айга камакка алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бекмурзаевага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” деген беренелеринин негизинде айып тагылганын билдирген.

Баштапкы эсептөө боюнча, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлдү.

"Ихсан" турак жай кооперативинен үй ала албай, акчасын кайтара албай калганын айткандар нааразылык акцияларын уюштуруп келет.

Кооперативдин айрым өкүлдөрү камакка алынган Акинай Бекмурзаеванын күнөөсү жок экенин айтып, анын бошотулушун талап кылып акция өткөрүшкөн.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG