28-октябрдын аба ырайы

Иллюстрациялык сүрөт.

28-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт, Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 5…10;

Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...-6.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 7…9 градус болот.

Дагы караңыз

Бишкекте журналист кол салууга кабылдыКоомчулук "Азаттыктын" сайтын жапкан чечимди айыптады Медиакоомчулук "Азаттыктын" сайтын жабуу чечимин артка кайтарууну талап кылды Президент Садыр Жапаров Астанага барды