Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Бишкекте журналист кол салууга кабылды

 Бактурсун Жоробеков.
Бактурсун Жоробеков.

SuperTV телеканалынын кабарчысынын сабалышы боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясына арыз жазылып жатканын аталган маалымат каражаты 27-октябрда кабарлады.

Телеканалдын редакциясы кабарчы Бактурсун Жоробековдун сабалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептеп жатат.

Маалыматта айтылгандай, окуя 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда болгон. Жоробековго төрт киши кол салган. Анын айтымында, белгисиз бирөөлөр телефон чалып издешкен жана коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн.

Укук коргоо органдары бул тууралуу азырынча комментарий берише элек.

Журналисттерге кол салган учурлар Кыргызстанда мурда да катталган. Буга байланыштуу эл аралык укук коргоо органдары тынчсыздануусун билдиришкен. (RK)

​
XS
SM
MD
LG