Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Тазабек Икрамов "Азаттыктын" сайтын эки айга жабуу чечимин сындады


Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты.
Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 27-октябрдагы отурумунда "Азаттык" радиосунун сайты кыргыз өкмөтү тарабынан эки айга жабылганы тууралуу маселе козгоду.

"Бүгүн журналисттерге, маалымат каражаттарына көп басым-кысым жасалып жатат. Сөз эркиндиги боюнча Конституциядагы мыйзам сакталган жок. Өзүнүн ой-пикирин ачык айткан адамдарга да, сөз эркиндигине кысым болуп жатканын өкмөттүн өкүлү жеткирип койсо", -деди Икрамов.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.

Мунун алдында Кыргызстандагы медиа жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү акыйкатчы Атыр Абдрахматовадан Венеция комиссиясына кайрылып, "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбооруна байланыштуу корутунду алууну суранышкан. Он уюмдун жана кыркка жакын журналисттин атынан жолдонгон кайрылууда жаңы мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жарата турганы белгиленген.

28-сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталган. Коомдук талкууга коюлган бул документти президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы иштеп чыккан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG