Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Ирандын атайын кызматы журналисттин сөөгүн уурдап кетти


Реза Хагигатнеджад
Реза Хагигатнеджад

Ирандын атайын кызматы "Фарда" радиосунун журналистинин сөөгүн уурдап кетти

Ирандын атайын кызматынын кызматкерлери Берлинде өлгөн журналист Реза Хагигатнеджаддын - "Эркин Европа Азаттык" радиосунун Иран кызматынын кабарчысынын сөөгүн мекенинде жерге берүүгө бут тосушту.

Анын сөөгү Иран бийлигинин макулдугу менен туулган жерине жеткирилген. Бирок Ислам революциясынын кайтаруучулары анын сөөгүн белгисиз жакка уурдап кеткен.

Саясий баяндамачы Реза Хагигатнеджад "Фарда" радиосунун кабарчысы болуп 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал 17-октябрь күнү Берлиндеги "Шарите" ооруканасында өсмө оорусунан (рак) каза болгон.
Маркумдун жакындары Резанын сөөгүн өзү туулуп-өскөн Шираз шаарында жерге берүү үчүн Иран бийлигинен тиешелүү уруксат алганын айтышууда.

Сөөк Иранга 25-октябрга жеткирилген. "Фарда" радиосу бийлик сөөктү башка жакка коюуга мажбурлап жатканын кабарлады. Бийлик азырынча бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

22 жаштагы Махса Амини адеп-ахлак полициясы кармап кеткенден кийин өлгөнү - Иранда массалык нааразылык акцияларынын келип чыгышын шарттады. Дээрлик бир айга созулган толкундоолор учурунда бийлик күч колдонуп, 200дөн ашуун адам өлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG