Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Кыргызстан Аярлуу климат форумуна кирди


Иллюстрация сүрөт. Кел-Суу.
Иллюстрация сүрөт. Кел-Суу.

Кыргызстан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Аярлуу климаттын дүйнөлүк форумуна (Climate Vulnerable Forum) кирди. 4-октябрда чыккан бул чечим тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Бексултан Ибраимовдун аталган форумдун жыйынына жолдогон видео кайрылуусунда кабарлаган.

“Кыргызстан былтыр климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу улуттук максаттарын белгилеген документ кабыл алган. Биз 2030-жылга чейин абага бөлүнүп чыккан уулуу заттарды 44% азайтып, 2050-жылы өнөктөштөр, эл аралык уюмдардын көмөгү менен көмүр кычкыл газынын нейтралдуулугуна жетели деп жатабыз. Аярлуу климаттын форумуна мүчө болуу менен адаптациялык жардамдарга жетүү мүмкүнчүлүгүбүз артат”, - деди Ибраимов өз кайрылуусунда.

2021-жылы Глазгодо болгон БУУнун климат саммитинде президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан кыйынчылыктарга көңүл бурууга чакырган.

Аярлуу климат форуму 2009-жылы түзүлгөн, ага дүйнөдөгү 58 мамлекет кирет. Мүчө болгон мамлекеттер глобалдык атмосферага көмүр кычкыл газын эбегейсиз бөлүп чыгарган байгер өлкөлөрдөн абаны аз булгаган өнүгүп келаткан өлкөлөргө климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга каражат талап кылган ишмердикти аркалайт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG