Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Башаламандык уюштурууга шек саналгандар эки айга камалды


Кармалгандардын айрымдарынын сүрөттөрү.
Кармалгандардын айрымдарынын сүрөттөрү.

Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин деп белгиленди.

Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. Сот ишин таңкы саат бешке чейин улантты.

Чечим чыккандар:

1.Азимбек Бекназаров
2.Асия Сасыкбаева
3.Али Шабдан
4.Рита Карасартова
5.Айданбек Акматов
6.Равшан Жээнбеков
7.Кубанычбек Кадыров
8.Чыңгыз Капаров
9.Перизат Суранова
10.Кеңешбек Дүйшөбаев
11.Н.Асанбаев
12.Эрлан Бекчоро уулу
13.Айбек Бусурманкулов
14.Таалайбек Мадаминов
15.Улукбек Маматаев
16.Гүлнара Журабаева
17.Клара Сооронкулова
18.Бектур Асанов
19.Талант Эшалиев
20.Жеңиш Молдокматов.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" болуп келатышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG