Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Украинанын күчтөрү Херсон облусунда 90 айылды бошотту


Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызгылт түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 24-октябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызгылт түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 24-октябрга карата карта.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусундагы 90 айылды орус аскерлеринин карамагынан бошотуп, өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өлкө күчтөрүнүн “Түштүк” ыкчам командачылыгы кабарлады.

“Ал айылдарда 12 миңдей адам жашайт. Бошотулган айылдарды калыбына келтирүү иш-чаралары аткарылып жатат”, – деп айтылат командачылыктын билдирмесинде.

Орусиянын армиясы Херсонду кол салуунун алгачкы күндөрү, марттын башында басып алган. Москва Украинанын төрт облусун, анын ичинде Херсонду сентябрдын аягында аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Андан көп өтпөй орус аскерлери аталган облустун түндүк жагынан чегине баштаган.

Украинанын Куралдуу күчтөрү контрчабуул баштагандан соң орус аскерлери Херсонду тарттырбай турганын жарыялашкан. Орусиянын Украинадагы армиясынын башчысы Сергей Суровикин өткөн аптада Херсонго байланыштуу “жеңил эмес чечимдерди кабыл алууга туура келерин” айткан жана жергиликтүү тургундарды Орусия тарапка чыгып кетүүгө чакырган.

Херсон облусунун ортосун Днепр дарыясы кесип өтөт, ушул тапта анын эки жээгин тең орус күчтөрү көзөмөлдөп турат. Иш жүзүндө украиндер дарыянын оң жээгин өз көзөмөлүнө алууга басым жасап жатат. Эгер оң жээк бошотулса, анда облустун административдик борбору – Херсон шаары да украин тарапка өтөт.

Орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрдагы контрчабуулда бошоткон. Августтун аягында башталган чабуулдар дале уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG