Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Кыргызстан он айда бюджетти колдоо үчүн 180 миллион доллар карыз алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү соңку он айда бюджетти колдоо үчүн эл аралык донор уюмдардан 180 млн. доллар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 24-октябрдагы жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

"Бюджетти колдоого 180 миллион доллар алганбыз. Анын 50 миллиону грант. Сом менен алганда 15 миллиард сомдой. Бул сумманы карыз алып, өнүктүрүүгө берип жатабыз", - деди министрдин орун басары.

Бул күнү парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстан менен Азия ѳнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуунун долбоорун талкуулады. ЖК депутаты Адахан Мадумаров карыз алынган менен өлкөдө ири ишканалар салынбай жатканын айтты:

"Ушундай карыздардын бизге кажети барбы деген маселе чыгып жатат. Эки жылдын ичинде канча карыз алдык, кайда жумшадык, кайсы өндүрүш, эмне деген завод пайда болду. Кеп ушундай болуп жатат", - деди Мадумаров.

Буга чейин Каржы министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Акжолов Кыргызстан 2021-жылы эл аралык донорлордон жалпысынан 38 миллиарддай сом (447 милион 585 миң 394 доллар) алганын билдирген. Ал Кыргызстанга сырттан акча эки максатта, тактап айтканда, мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджетти колдоого келерин белгилеген. Анын айтымында, донорлордон алынган 11,4 млрд. сом бюджетти колдоого жумшалган. Ири долбоорлорго 26,4 млрд. сом сарпталган. Анын 17,9 млрд. сому насыя, 8,5 млрд. сому грант болуп саналат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG