Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Садыр Жапаров жапырт камоолорго байланыштуу пикирин билдирди


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров жапырт камакка алынган саясатчыларга жана активисттерге байланыштуу улуттук "Кабар" агенттигине комментарий берди.

Мамлекет башчы саясатчылар жана активисттер менен буга чейин да сүйлөшкөнүн, Кемпир-Абадга байланыштуу маселени түшүндүрүп бергенине карабай, майнап чыкпаганын билдирди.

"Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам", - деди президент.

Жапаров камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылып, 48 саатка камалган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" пикирин билдирип келатышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын карап жатат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармалгандарга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүрүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жаран жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү.

Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Бийлик башындагылар кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу "чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын" жүйо келтирүүдө. Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу Кыргызстан зыян тартпагандай чечилип жатканын айтып келүүдө. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG