Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:17

Кытай Кыргызстандан алкоголь жана бал импорттоого кызыкдар


Кыргызстандын балы.
Кыргызстандын балы.

Кытай ишкерлери Кыргызстандан бал, сүт азыктарын жана алкоголдук ичимдиктерди импорттоого кызыкдар. Бул тууралуу 26-октябрда Кытайдын Бишкектеги элчилигинин өкүлү Ли Юе Кыргызстандын инвестициялар агенттигинин башчысы Умбриэл Темиралиев менен жолуккан учурда билдирди.

Жолугушууда Кытай менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгын арбытуу тууралуу сөз болду.

Темиралиев соода мамилесинин масштабын кеңейтип, эки тараптын тең кызыкчылыгында болгон соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү менен бирге кыргыз товарларын Кытайга экспорттоону көбөйтүү - Инвестиция агенттигинин максаты экенин билдирди.

Ли Юе Кытай базарларында Кыргызстандын товарлары таанымал жана суроо-талапка ээ экенин айтып, ишкерлер кызматташууга кызыкдарлыгын белгиледи.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлери кызматташуунун оңой жана пайдалуу жолдорун таба ала турган аянтчаларды түзүүнү макулдашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG