Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Зеленский Орусия "ыплас бомба" дооматын кайталап жатканын айтты


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Орусия "ыплас бомба" дооматын кайталап жаткандыктан, Украинадагы фронт сызыгында олуттуу өзгөрүүлөр болбогонун украин президенти Владимир Зеленский билдирди.

Ал социалдык тармак аркылуу кайрылуусунда, украин аскерлери Донбасстын чыгышындагы эки шаардын жанындагы чабуулдарга каршы туруп жатканын, эң айыгышкан салгылашуулар Авдеевка менен Бахмуттун жанында жүрүп жатканын айтты.

"Алар бир нече айдан бери адамдарды өлүмгө айдап, эң жогорку деңгээлдеги артиллериялык соккуларга салып берип жатышат", - деди ал өзүнүн түнкү кайрылуусунда.

Орус күчтөрү Украинанын карамагындагы Славянск жана Краматорск шаарларына алып баруучу негизги жолдун боюнда жайгашкан Бахмутту басып алууга бир нече жолу аракет кылган. Британ чалгындоосу Москва Бахмутту бул шаарларга кирүү үчүн зарыл шарт катары карашы мүмкүн экенин билдирди.

Орусия Украина өз аймагында "ыплас бомба" жардырууну көздөйт деген негизсиз дооматын кайталады. Бул жолу орус президенти Владимир Путин айыптады. Ал Орусиянын стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн машыгууларына байкоо салып жатып, "Украина чагым катары "ыплас бомбаны" колдонууну пландап жатканын" айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG