Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

3-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаашы, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2.

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 12…14 градус болот.

Дагы караңыз

Нурланбек Шакиев добуш бербей чыгып кеткен депутаттарга кайрылды Иран Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн экени кабарландыИИМ Семетей Талас уулуна "хизбутчуларга" байланыштуу айып коюлганын кабарлады Бекешев "Азаттыктын" банк эсебинин бөгөттөлүшү жөнүндө маселе көтөрдү Жапаров: Бөлтүрүк "таза" иштеп жатканына ынандырып келген