Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Нурланбек Шакиев добуш бербей чыгып кеткен депутаттарга кайрылды


Нурлан Шакиев.
Нурлан Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 2-ноябрдагы жыйынында добуш бербей жаткан депутаттар тууралуу сөз кылды. Ал эл өкүлдөрүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

"Акыркы убактарда парламент трибунасында, микрофондо жакшы, жалындуу, кооз сөздөрдү сүйлөп, бирок добуш берүүгө келгенде өз пикирин билдирбей, добуш бербей чыгып кеткен депутаттар бар. Мен чакырат элем, же макул же каршымын деп добушуңуздарды беришиңиздер керек. Биз жоопкерчиликти да алышыбыз керек да. Бизди шайлаган эл, шайлоочуларыбыз "ошол жерден чыгып кет, добуш бербей кой" деп шайлаган эмес. "Макул же каршы бол, өзүңдүн пикириңди билдир" деген талап бар. Андыктан биз депутаттык милдетибизди так аткарсак",- деди Шакиев.

Мунун алдында "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөгөн. Ал апта башында тармактык комитетте Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишим каралып жатканда добуш бербей чыгып кеткен.

Кадырбеков шаршембидеги сессияда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул маселеге убактылуу мораторий жарыялоону сунуштады.

Президент жана анын администрациясы анын сунушуна азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун жабык карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кетишкен.

Аталган комитет 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттин ошол кездеги төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоорго каршы добуш берип, тиешелүү чечимге кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетип, ордуна депутат Улан Примов шайланган. Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан да ажыратылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти.

Өткөн апта соңунда Орусияда жүргөн оппозициячыл активисттер Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинсе, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов үйү тинтилген соң камакка алынган.

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары, чет элдик элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG