Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Садыр Жапаров Кумтөрдүн алтыны Улуттук банкта сакталып турганын айтты


Кумтөр
Кумтөр

Президент Садыр Жапаров Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышын иликтеген депутаттык комиссия анын демилгеси менен түзүлгөнүн билдирди.

Ал 2-ноябрда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде казылган алтын учурда Улуттук банкта сакталып турганын айтты.

"Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, "Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур" деп жалаа жабууга аракет кыла баштаганда өзүм демилге көтөрүп, "депутаттардан турган комиссия түзгүлө" деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. “Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. "Комиссиянын төрагасы кылып Адахан Мадумаровду шайлап берсеңер" дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур. Мейли кимиси болсо да, "Кумтөргө" барышсын, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин", - деди Жапаров.

Буга чейин Улуттук Банк Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды 1 миллиард доллардан ашык акчага сатканы, анын 700 миллиондой доллары акчанын курсун кармап туруу үчүн интервенцияга жумшалганы белгилүү болгон. Бул жагдай Жогорку Кеңеште сөз болуп, сын айтылган.

Ушул жылдын август айында “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышына байланыштуу макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

Мындан көп узабай Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачык айтылбай турганын билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Ушул айдын башында Кумтөр кениндеги соңку жагдайды жана алтындын сатылышын иликтөө үчүн депутаттык жана коомдук комиссиялар түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG