Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Кемпир-Абад: Жанар Акаев камоолордун кесепети тууралуу эскертти


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында "Альянс" фракциясынын төрагасы, депутат Жанар Акаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандар тууралуу маселе көтөрдү. Ал өзү баштаган төрт депутат жана акыйкатчы ушул тушта №1 тергөө абагында отургандардан кабар алып чыгышканын билдирди.

"Кемпир-Абадды коргоо комитети деп камалгандардын баары бир ооздон "биз эч кандай башаламандыкка, ызы-чууга үндөгөн эмеспиз, болгону оюбузду билдирип, тынч жыйындарды өткөрүүнү гана пландаганбыз" деп айтышты. Атай Бейшенбек деген жигит болсо бул комитеттин өкүлдөрү менен жолукпаганын, жада калса сүйлөшпөгөнүн айтты. Фейсбукта пост жазганы үчүн камап койгонун айтты. Алардын бөгөт чарасы шаардык сотто каралганда саясий чыңалууга жаратпастан бошотулушу керек. Көчөгө чыкпаса, башаламандык жөнүндө сөз да болбосо камалганы туура эмес. Болбосо анда Баш мыйзамга " эки кишиден ашык чогулганга болбойт, сүйлөшпөгүлө, чай ичпегиле" деп жазып коюушубуз керек", - деди Акаев.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти.

Өткөн апта соңунда Орусияда жүргөн оппозициячыл активисттер Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинсе, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтилген соң камакка алынган.

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG