Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Акыйкатчы жана ЖК депутаттары камалган саясатчы, активисттерден кабар алды


Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо, Эмил Токтошев жана жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова "массалык башаламандык уюштурууга даярданды " деген шек менен камакка алынган саясатчы жана активисттерден кабар алды. Алардын айтымында, камактагы саясатчы жана активисттер мыйзамсыз камалганын жана бийликти басып алуу тууралуу сөз айтылбаганын билдиришкен. Социалдык тармактарга тараган аудио жазуулар монтаждалганын айтышкан. Шарты жана башка жагдайлар тууралуу олуттуу даттануулары болгон эмес.

Камакка алынган жыйырмадан ашык киши учурда 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда кармалып, эки айга камакка алынган. Ички иштер министрлиги алар Кылмыш кодексинин 36-278-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG