Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Тикмечи адистер санарип маркетингге үйрөнүүдө


Иш-чаранын катышуучулары.
Иш-чаранын катышуучулары.

Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагындагы бизнес-сервис уюмдардын өкүлдөрү товар сатууда жана тейлөөдө натыйжалуу алдыга жылуу үчүн санарип маркетинг каражаттарын туура колдонуунун жол-жобосун үйрөнүштү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борборунун Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасынан (GTEX) билдиришти.

«Санарип маркетинг» тренингдери электрондук коммерция боюнча атайын өнөктүк алкагында уюштурулду. Бул багытта сертификациядан өткөн эксперт, «Management Development Consulting» окутуу программаларынын менежери Юлия Спасская кардарларды компаниянын, продукциянын контентин жана визуалдык иденттүүлүгүн түзүүгө, онлайн жарнамалоого, социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарын өнүктүрүүгө үйрөттү.

Адистин айтымында, интернет аркылуу алдыга жылбаса ар бир компания кардарларын жоготуп, заманбап аудитория үчүн кызыктуу болбой калышы ыктымал. Андыктан, Спасская белгилегендей, санарип маркетинг бүгүнкү күндө бизнес жана өндүрүш үчүн өтө актуалдуу жана зарыл болууда.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG