Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

Көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши мүмкүн


Көмүр ташыган унаа. Бишкек. Ноябрь, 2021-жыл.
Көмүр ташыган унаа. Бишкек. Ноябрь, 2021-жыл.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши ыктымалдыгын, маселе учурда каралып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, мекеменин төрагасы Кеңешбай Тайлаков бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги көмүр саткан жайларды кыдырды. Көмүр сатуучу базалардын жетекчилери менен жолугушуп, бааларды жөнсүз көтөрбөөнү эскертти. Сатуучуларга "Атаандаштык" жана "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" жөнүндө мыйзамдар тууралуу түшүндүрмө берилди.

1-ноябрдан тартып Бишкекте тоннасы 4 миң сомдук көмүр саткан соода түйүндөрү ишке киргенин "Кыргызкөмүр" ишканасы маалымдаган.

Ал эми Казакстандан алып келинген көмүрдүн баасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG