Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Түрк тилдүү мамлекеттердин темир жол багытындагы кызматташтыгы талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны өттү. Ага Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын темир жол ишканаларынын башчылары катышканын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Маалыматка караганда, жыйында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун темир жол багытындагы кызматташтыгы талкууланды.

Жолугушууда айтылган демилгелерди ишке ашыруу боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү жана бир катар башка макулдашууларга жетишилди.

Быйыл, 14-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга жетишилген. Ага ылайык, жол тилкеси Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты менен өтөт. Учурда үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп жатканы маалым. Аларга келерки жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG