Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

УКМК кармалды делген казак активисттери жөнүндө түшүндүрмө бере элек


Асхат Жексебаев.
Асхат Жексебаев.

Ушул тушта чет жерде баш калкалап жаткан казакстандык активист Жанара Ахмет Кыргызстандын атайын кызматы "Манас" аба майданынан казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы кармап кеткенин билдирди. Анын ырасташынча, алар Бишкек аркылуу чет өлкөгө кетерде кармалган. Мындан улам Ахмет кыргызстандык укук коргоочуларга кайрылып, кармалгандар үчүн адвокаттык жардам сурады.

"Алар өздөрүн коргоп, Казакстандан кетели дешкен. Алар пробациялык көзөмөлдө болушкан. Активисттерди эми албетте, экстрадициялашса керек. Аларды мекенине кайтарууга жол берилбеши керек",- деген Жанара Ахмет.

"Азаттык" буга байланыштуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылды жана атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.

Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетова 2020-жылы камалып, былтыр ноябрда сот өкүмү чыккан 13 активисттин катарында болгон. Анда Алматы соту аларды "ишмердигине тыюу салынган уюмга" байланыштуу күнөөлүү деп тапкан. Активисттерге казак бийлиги "экстремисттик" деп тапкан "Казакстандын демократиялык шайлоосу" жана "Көчө партиясы" деп аталган уюмдарга тиешеси бар деген айып коюлган.

Эки жылга кесилген Байгаматова сот залынан бошотулган, ал эми Жексебаев активист ушул жылдын май айында абактан бошогон, экөө тең ушул тушта пробациялык көзөмөлдө болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG