Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Прокуратура журналист Болот Темировду актаган чечимге каршы даттанды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Журналист Болот Темиров Башкы прокуратура Бишкектин Свердлов райондук сотунун өзүн актаган чечимине каршы сотко арызданганын "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, көзөмөл органы "журналист 2010-жылдын 26-октябрында Кыргызстандын жаранынын мыйзамсыз алынган паспортун" көрсөткөнүн" белгилеген. Ошол эле учурда прокуратура анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда баңгизат табылган деген жүйө келтирген.

"Иштеги күбөлөр тергөөдө да, соттук териштирүүдө да Темиров өзү чөнтөгүнөн кандайдыр бир зат салынган нерсени алып чыкканын айтышкан. Сот актоо өкүмүндө бул көрсөтмөлөрдү төгүнгө чыгаруучу жүйөлөрдү келтирген жок", — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Болот Темиров "прокуратурада күнөөсүздүк презумпциясы деген түшүнүк" жок экенин айтты.

"Видео материал негизги далил катары таанылганы менен, аны жүргүзүүдө мыйзам бузуулар болгонун жашырууга болбойт. Баңгизат кимге таандык экени биздин маселе эмес, бул - прокуратуранын маселеси. Бул тинтүү учурундагы процессуалдык мыйзам бузуулар боюнча соттун корутундусун эч кандай жокко чыгарбайт", - деди Темиров.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Болот Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ага байланыштуу да актоо чечими чыккан.Ал эми документ жасалмалоо деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген.

Журналистти жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG