Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Төө-Ашууда жүк ташуучу автоунааларга чектөө алынды


Төө-Ашуу.
Төө-Ашуу.

1-ноябрда эртең менен Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол кыймылына киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Чектөө бурганактап жааган кардан улам 31-октябрда киргизилип, ага ылайык, жүк ташуучу автоунаалар Чүйдүн Сосновка айылынан ары өткөрүлбөй, убактылуу токтотулган.

Министрлик жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайт.

Ашуудагы жолдорду №9 жол оңдоо ишканасы кардан тазалап, кум-шагыл сээп жатканы кабарланды.

Аба ырайынын бузулушунан улам айдоочуларга машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушу берилди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG