Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Адилет Балтабайдын ишине байланыштуу сот өкүмү 11-ноябрда чыгат


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин иши каралды. Анда судья кийинки сот жараяны 11-ноябрда болорун, айыпталуучуга акыркы сөз берилип, өкүм чыгарын билдирди.

Бүгүнкү сотто мамлекеттик айыптоочу лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, активисттин билдирүүлөрүндө "мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар" экенин айтты. Ал жеңилдетүүчү жана башка жагдайларды эске алуу менен блогерди беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирди.

Балтабай жана анын адвокаты социалдык тармактарда чакырык жасаганы тууралуу дооматтарды четке какты. Жактоочусу активисттин аракетинде кылмыштын курамы жоктугун, мындан улам ал акталышы керектигин белгиледи.

Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган. Биринчи май райондук милициясы ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөгөн. Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин, ички иштер органдары кылмыштардын алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканын билдирген.

Адилет Балтабай акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген.

XS
SM
MD
LG