Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:40

Өзбекстандагы абактарда интернет бөлмөлөрүн ачуу пландалууда


Өзбекстандын абактарында мамлекеттик электрондук кызматтарды жана нотариалдык кызматтарды колдонуу үчүн интернетке туташкан бөлмө ачуу пландалууда. Бөлмөгө веб-камера жана компьютер коюлат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин ички документинин долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоорго ылайык, министрлик түзөтүү мекемелеринин ички тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

Бул толуктоолор Өзбекстандын Башкы прокуратурасы, Саламаттык сактоо министрлиги, Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлиги жана Жогорку соту менен макулдашылган.

Долбоордун авторлорунун айтымында, аны ишке ашырууга байланышкан бардык чыгымдар Ички иштер министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу департаментинин борборлоштурулган фондунан каржыланат.

XS
SM
MD
LG