Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Израилде үч жарым жыл ичинде бешинчи парламенттик шайлоо өтүүдө


Добуш берүү учурунан тартылган сүрөт.
Добуш берүү учурунан тартылган сүрөт.

Израилде 1-ноябрда парламентти - Кнессетти шайлоо өтүүдө. Бул өлкөдөгү акыркы үч жарым жыл ичиндеги бешинчи парламенттик шайлоо.

Оппозиция лидери, мурда бир нече жолу премьер-министр болуп иштеген Беньямин Нетаньяху өкмөттү кайра жетектөөнү көздөөдө. Акыркы коомдук сурамжылоолорго караганда, анын оңчул консервативдүү "Ликуд" партиясы кайрадан башкаруучу күчкө айланышы мүмкүн. Бирок Нетаньяхунун жактоочулары чечүүчү сандагы мандаттарга ээ болобу, азырынча белгисиз. Парламенттик көпчүлүк үчүн кеминде 61 мандат керек. Экс-премьердин тарапкерлери 120 мандаттын 60ын болжолдоп жатышат.

Бир палаталуу Кнессетти шайлоого жалпысынан 40 партия катышууда. Сурамжылоонун сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча алардын 11и парламентке өтүү үчүн жетиштүү добуш алууга мүмкүнчүлүгү бар. "Ликуддун" негизги атаандашы - азыркы премьер-министр Яир Лапид жетектеген борборчул "Еш Атид" партиясы.

Дүйшөмбү күнү Лапид Твиттердеги баракчасына израилдиктер "чынчыл жана эмгекчил адамдардын өкмөтүнө" татыктуу деп жазды.

Буга чейинки шайлоолордо бир да партия көпчүлүк добушту албай, коалиция түзө албай келишкен. Өлкөнү узак жылдар бою жетектеп келген премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы эч бир саясий күч менен коалиция түзө алган эмес.

Оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү “Израилде ушуну менен Биньямин Нетаньяхунун доору бүттү” деп жарыялашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG