Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

АКШ Камчы Көлбаев боюнча реакция болоруна үмүттөнөрү айтылды


Камчы Көлбаев. Архивдик сүрөт.
Камчы Көлбаев. Архивдик сүрөт.

Кошмо Штаттардын Казыналык департаменти “кримтөбөл” атыккан Камчы Көлбаев боюнча кандайдыр бир “реакция болоруна” үмүттөнөрүн 1-ноябрда АКИpress маалымат агенттигине курган маегинде департаменттин өкүлү Скотт Рембрандт билдирди.

Ал “Маңзат соодасынан капитал топтоо АКШ туш болгон глобалдуу көйгөй” экенин белгилеген.

“Бул көптөгөн мамлекеттер үчүн коркунуч болуп эсептелет. Сиздердин өкмөттө бул багытта иштөө ниети барбы, маңзат соодасына каршы туруу багытында кызматташууга даярбы, мен ага комментарий бере албайм”, - деди ал.

Ошону менен катар Скотт Рембрандт Кошмо Штаттар Көлбаевдин мыйзамсыз каржылоого жана наркотрафикке байланыштуу ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат үчүн 5 миллион долларлык сый акы жарыялаганын эскертти.

48 жаштагы Камчы Көлбаевди АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Ошол жылы ал мекенинде "кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган" деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошоп чыккан.

Кошмо Штаттардын Казыналык департаментинин делегациясы Бишкекте президенттик администрацияда жана башка мекемелерде жолугушууларды өткөрдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG