Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Германиядагы кышкы газдын запасы дээрлик 100 пайызга жетти


Германиянын жаратылыш газ кампалары дээрлик толду. DPA маалымат агенттиги дүйшөмбү күнү кабарлагандай, октябрь айынын аягында цистерналар 98,5% газ менен толтурулган.

INES энергетикалык ассоциациясынын аткаруучу директору Себастьян Блешкенин айтымында, бул алдыдагы кышка толук даярдыктан кабар берет. Күздүн жылуу келиши да Германиянын пайдалуу болду. Азыр Берлинде күндүз абанын температурасы +20 градуска жетип турат, өлкөдө жылытуу мезгили баштала элек.

Блешке Германия энергия жеткирүүчү компаниялардан, анын ичинде Орусиядан көз карандысыздыкка жетишүүгө жакындай алганын баса белгиледи.

Германия өкмөтү 1-ноябрга чейин өлкөнүн бардык газ кампаларын кеминде 95 пайызга чейин толтурууну пландаган. Блешкенин айтымында, Төмөнкү Саксониядагы Реден кампасы гана бул максатка жете алган жок, анда газдын деңгээли 91,5% түзүүдө.

Евробиримдик импорттогон Орусиянын жаратылыш газынын 40% жакынын Германия алат.

Орусия Евробиримдикке газ берүүнү азайтуусуна байланыштуу даярдык көрүү. Биримдик Украинадагы согуштан улам Орусиянын жаратылыш газына каршы санкция киргизбегени менен Москва кабылган экономикалык санкцияларга жооп катары акыркы айларда Евробиримдикке газ берүүнү бир топ азайткан.

Эксперттер Евробиримдик жай айларында газ жеткирүүчүлөрдөн өтө кымбат баада сатып алган көгүлтүр оттун рекорддук көлөмү дүйнөлүк газ рыногун дестабилдештирет деп кооптонушууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG