Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

АКШ армиясы Украинага берилген куралдардын эсеп-кысабын алууда


Украинада жайгашкан америкалык аскер кызматкерлеринин чакан тобу украин армиясы батыш өлкөлөрүнөн алынган курал-жарактарды эсепке алуу үчүн текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Пентагондун өкүлү билдирди.

Текшерүүлөрдү АКШнын Киевдеги аскер атташеси жана Коргоо кызматташтыгы боюнча кеңсенин өкүлдөрү өткөрүп жатат. Эрежелерге ылайык, алар фронт линиясына жакын жерде текшерүү жүргүзө алышпайт жана Пентагондун өкүлүнүн айтымында, "кырдаал уруксат берген" жерде иштешет. Украин расмийлери америкалык инспекторлор менен толук кызматташып жатканы айтылууда.

Тергөө Украинанын Куралдуу күчтөрүнө берилген заманбап техника жана курал-жарактар орус аскерлеринин, анын союздаштарынын же экстремисттик топтордун колуна түшүп калбашы үчүн жүргүзүлүүдө.

АКШ Конгресси Ак үйдөн Украинага бөлүнгөн миллиарддаган долларлар кандай максатта жумшалганы тууралуу отчет талап кылууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти өткөн аптада иликтөө башталганын жарыялаган.

Associated Press агенттиги Мамлекеттик департамент Украина менен узак мөөнөттүү кызматташуу планын даярдаганын билдирди. Бул пландын алкагында заманбап куралдардын, анын ичинде ракеталык жана абадан коргонуу системаларынын колдонулушун биргелешип көзөмөлдөө, курал-жарак аткезчилигин алдын алуу үчүн өлкөнүн чек араларында коопсуздук чараларын күчөтүү каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG