Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча жаңы сунуш талкууланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катаалдатуу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, азыркы тапта коомдук талкуудан өтүүдө.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей анын авторлору - Жогорку Кеңештин 61 депутаты. Коомдук талкуу 20-ноябрга чейин уланат.

Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, Конституцияга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип, балага сексуалдык кордук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу каралган.

Педофилдерди өлүм менен жазалоо сунуштары парламентте буга чейин айтылып келген. Демилгени колдогондор бул көйгөй улуттук трагедияга айланганын, өлүм жазасы кылмыштын мындай түрүн токтоторун айтышса, ага каршылар акыйкаттык болбой турганын, себеби Кыргызстанда сот жана күч органдарынын иши таза эмес болгондуктан, өлүм жазасына карапайым адамдар гана тартылып, акчасы барлар пара берип кутулуп кетерин белгилешкен.

Кыргызстанда өлүм жазасы жок, жазанын эң жогорку чеги – өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG