Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

"Кемпир-Абадды коргоо" комитети Өзбекстандын президентине ачык кайрылуу жолдоду


Кемпир-Абад суу сактагычы. Ош облусу. Октябрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад суу сактагычы. Ош облусу. Октябрь, 2022-жыл.

"Кемпир-Абадды коргоо" комитети Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кайрылуу жолдоду.

Кайрылуунун тексти башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен кармалгандардын бири, саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Бул маалыматты аталган комитеттин мүчөсү Касиет Мамырбай "Азаттыкка" ырастады. Ал өзбек президентинин дарегине жолдонгон кайрылуу комитеттин учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган мүчөлөрү менен адвокаттар аркылуу макулдашылгандан кийин жарыяланганын билдирди.

"Көбү менен адвокаттар аркылуу байланышып, макулдашылган", - деди Мамырбай.

Кайрылуу ээлери Кемпир-Абад маселесинин тегерегиндеги талаштуу маселелер ачыкталганга чейин макулдашууга кол коюуну жылдырып турууну суранышкан.

"Биз, Кыргызстандын белгилүү коомдук жана саясий ишмерлери, жарандык коомдун, Кемпир-Абад/Анжиян суу сактагычына жакын айылдардын тургундарынын кызыкчылыгын коргогон топ, бул стратегиялык, элибиз үчүн өтө маанилүү суу ресурсунун тегерегиндеги көйгөйлүү жана талаштуу маселелер такталмайынча президент Садыр Жапаров менен пландалган макулдашууга кол коюуну кийинкиге жылдырууну өтүнөбүз. Кыргызстан менен Өзбекстанды тарыхый, маданий, бир туугандык жана аймактык байланыштар бириктирип турат. Биз бул макулдашуу эки жакын элдин ортосундагы бут тосууга жана узак мөөнөттүү пикир келишпестиктердин башталышы болуп калышын каалабайбыз. Биз эки мамлекеттин ортосунда чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча талаштуу маселелер бар экенин түшүнөбүз, алар көптөн бери күн тартибинде турган жана биздин коңшулук мамилелерибизди мындан ары өнүктүрүү үчүн эртерээк чечилишин күтүп жатышат. Бирок биздин мамлекеттер ортосунда түзүлүп жаткан макулдашуунун бир бөлүгү конституциялык нормаларды, белгиленген мыйзамдарды, Кыргызстандын саясий негиздерин жана демократиялык жетишкендиктерин одоно бузуулар менен жылдырылып жатканын да эскертебиз", - деп жазылган кайрылууда.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-24-октябрда кармалып, "калайман башаламандык уюштурууга даярданган" деген шек менен эки айга камакка алынган.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG