Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Бишкекте арзан көмүр сатылган түйүндөр иштей баштады


Көмүр саткан кампалардын бири. Бишкек. Ноябрь, 2021-жыл.
Көмүр саткан кампалардын бири. Бишкек. Ноябрь, 2021-жыл.

1-ноябрдан тартып Бишкектин бир нече жерде тоннасы 4 миң сомдон арзан көмүр сатыла баштаганын "Кыргызкөмүр" ишканасы билдирди.

Алар:

-Мурманск - 126;
-Достоевский - 97к;
-Киргизия көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде;
-Алматы көчөсү менен айланма жолдо жайгашкан.

Маалыматка караганда, арзан көмүр бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана сатылып жатат. Чектөө мындай көмүр менен көбүрөөк элди камсыз кылуу максатында киргизилген.

Арзан көмүр башка аймактарга жеткирилеби же жокпу азырынча маалымат жок.

Бишкекте элди арзан көмүр менен камсыз кылуу өнөктүгү былтыр кеч күздөгү көмүр таңсыктыгы учурунда алгачкы жолу киргизилген. Ал кезде тоннасы 3 миң сомдук көмүр сатылып, узун кезектер жаралган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG