Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

"Которуштуруп айдоо деген жок". Таласта төө буурчак түшүмү азайды


Таластагы төө буурчак.
Таластагы төө буурчак.

Таласта ушу тапта дыйкандар төө буурчактын акыркы түшүмүн жыйноодо. Быйыл анын баасы жакшы болгону менен түшүм аз дейт фермерлер. Мунун себебин жер арыктап, которуштуруп айдоо сыяктуу ыкмалар колдонулбай жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Экинчи жагынан төө бурчак айдоого кеткен чыгымдар да көбөйгөн.

"Башка ыкмага өтпөсөк, жөн эле чыгаша боло баштадык"

Талас облусунда калктын 80 пайызы төө буурчак айдайт. Өрөөндөгү элдин негизги турмуш-тиричилиги дагы ушуга байланышкан.

"Быйыл айдап-себүү башталган учурда күйүүчү майлар кымбат болду. Анысы аз келгенсип, түшүм жакшы болбой калды",- дейт Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Замирбек Мырзагулов.

Ал эки гектар үлүш жерине төө буурчактын "томат" сортун айдаган. Былтыр ушул эле жерден гектарына 1,5 тонна төө буурчак алса, быйыл бир тоннадан эле айланган.

"Бир жыл мурун ушул жердин гектарын 1200 сомдон айдатсам, быйыл 1500 сом болду. Анын үстүнө быйыл түшүмдүүлүк аз. Бизде көпчүлүгү "томат" сортун айдаган. Азыр элдин баары балдарына кийим-кече, азык-түлүк, кышкыга көмүр алыш керек, бирок 60 сомдон ашпай жатат. Мисалы, бир литр күйүүчү майдын баасы 75 сомдон турат. Бул өзүнүн баасын да актабай калды да. Дыйкандар жерди которуштуруп айдап, башка нерсеге өтпөсөк, жөн эле чыгаша боло баштадык".

Таласта төө буурчак 2000-жылдардан тарта көп эгиле баштады. Акыркы жылдары таластык дыйкандар Чүй өрөөнүнө дагы төө буурчак эгүүдө. Алар мунун себебин Таластагы айдоо жерлердин сапаты жыл сайын төмөндөп баратканы менен байланыштырат.

Агроном Атыкан Кулмырзаев дыйкандар агро-техникалык эрежелерди сактабай жатканы түшүмгө терс таасирин бергенин айтууда.

"Которуштуруп айдоо деген жок да бизде. Анан бир эле жерге 10-15 жылдап төө буурчак айдай берсе түшүм бербей калат. Бул бир себеби. Экинчиси, дыйкандар жерди иштетүү технологиясын биле бербейт. Жөнөкөйүн эле айта турган болсок, сугаргандан, айдагандан эрозияга алдыргандан кийин жердин кыртышы бузулат. Жердин кыртышы деген бул гумыс, ал болсо түшүмгө таасир берет. Жерге эч ким органикалык семирткич бербейт. Анан жер семирткич катары химия колдонуп жатышат. Ар ким көргөнүн эле кылып жатат. А жерден эмне жээрин, эмне ичээрин эч ким сураган жок. Мисалы, фосфор же азоту көп жерлерге берип салса, ашык болуп калат. Аны жетпеген жерге бериш керек. Ошонун баарын дыйкандар сактабай жатат".

Түшүм жакшы болбой калганы тууралуу бир топтон бери эле маселе көтөрүлүп келүүдө. Айталы, мындан беш жыл мурун Талас шаарында суу менен топуракты анализдей турган "Кербен" аттуу менчик лаборатория ишке киргени айтылган. Анда көп түшүм алуу үчүн кандай минералдык заттарды колдонуу керектиги боюнча дыйкандарга маалымат берилмек болгон. Лаборатория жергиликтүү ишкердин көмөгү менен курулган. Учурда айрым жабдыктарын чет өлкөдөн алып келиш керек болуп, убактылуу иштебей турат. Бирок буюртма көп экенин айтышты.

Кымбатчылык жана аба ырайынын таасири

Таластагы төө буурчак талаасы. 2022-жыл
Таластагы төө буурчак талаасы. 2022-жыл

Апрель жаанчыл болуп, дыйкандар сепкен төө буурчак жаан алдында калып, жер катып оңой менен чыкпай калган. Буга байланыштуу экинчи ирет кайра айдап себүү иштери жүрдү. Төө буурчактын "лопатка" сортун сепкен дыйкандар кайра "томат" сортун себүүгө аргасыз болот. Анткени "томат" сорту башкаларга караганда бат быша турган жайы бар.

"Гектарына 800 кг же 1 тоннадан эле айланып калды. 800 кг деген чыгашаны актабайт. Өзү менен өзү да, мен кечээ эле 60 сомдон сатып жибердим. Менин өзүмдүн техникам бар, ошон үчүн меники кичине актады. Ал эми техникасы жоктор мага айдатып, септиртип, жөөк салдырып чыгаргандар такыр эле актаган жок. 100 миң сом сарптаса, 60 миң сом алышты. Өзүнүңүз деле ойлонсоңуз, эккенден баштап, чапканы, жулганы деле 800 сомдон кемиген жок, түшкө чейин 600 сомдон иштешти", - дейт Көк-Ой айылында трактор айдаган Бакыт Мамбетов.

Айдап-себүү иштери башталганда өкмөт күйүүчү майды 40 тыйынга арзандатты. Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, мунай заттын 95% Орусиядан импорттолот. Жазында былтыр март айынан берки бир жыл ичинде дүң баа 140%, Кыргызстандагы чекене баа 70% өскөнү айтылган. Демек, чыгымдар мурдагыдан кыйла көп болду.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жалпы төө буурчак эгилген жерлердин 60% "лопатка" сорту, 30% "томат", 10% "скороспелка" жана "кызыл чаар" уруктары себилген. Учурда тазаланбаган "лопатка" сортунун баасы 107 сомдон, "скороспелка" жана "кызыл чаар" 80 сом, ал эми "томат" сорту 60 сомдон сатылууда.

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Эмил Тууганбаевдин айтымында, жылдан жылга төө бурчак эккен дыйкандардын саны азаюуда. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу 3 миң гектар жерге аз себилди.

"Бизде 2022-жылы төө буурчак 54 495 гектар жерге айдалган. Азыр жыйнала элек 1% эле калды. Буйруса, ушул аптада бүтөт. Жалпы 53 733 гектар жыйналды. Быйылкы түшүм болжол менен 80 миң тоннанын тегерегинде болду. Экспортко 41 миң тонна чыкты. Быйыл түшүм аз болуп жатканы, бир учурда күн катуу ысып кетти, ошол учурда буурчактын гүлү түшүп калды. Бул эми көп тармактуу да, үрөнгө, жерге, аба ырайына байланыштуу болот".

Тууганбаевдин маалыматына караганда, быйыл экспортко кеткен 41 миң тонна төө бурчак дүйнөнүн 25 өлкөсүнө сатылган. Алардын көпчүлүгү Түркия, Албания, Македония, Болгария жана Орусияга кеткен.

Таластагы төө буурчак талаасы. Август, 2022-жыл.
Таластагы төө буурчак талаасы. Август, 2022-жыл.

Кыргызстан Европа Биримдигинин “ВСП+” - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алганы маалым. Бирок ал мүмкүнчүлүгүн канчалык колдонуп жатканы башка маселе. Айталы, Таластын төө буурчагы Түркия, Болгария ж.б. өлкөлөргө ташылып, алар аркылуу Европага реэкспорт кылары белгилүү. Маркирлөө боюнча талапка ылайык, азык өскөн аймак сөзсүз көрсөтүлөт.

Соңку жылдары дүйнөдө окумуштуулар тамактануунун жаңы системасына керектелген азыктарды өндүрүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Анын ичинде жаңгак жана буурчак азыктарына (төө буурчак, нокот ж.б.) артыкчылык берүү кеңеши да айтылган. Демек, төө буурчакка суроо-талап дайыма болот деп түшүнсөк болот.

Азыр төө буурчакты өстүрүүдө дыйкандар мурдакыдай кол күчүн көп колдонбой калганын айтышат. Мурда төө буурчак бышканда аны кол менен жулуп, данын чыгарып алса, учурда атайын төө буурчак жулуучу шайман келди. Данын болсо комбайндын жардамы менен чыгарып калышты. Бирок айдоо аянттарын натыйжалуу пайдалануу жагын, ирригация системасын жакшыртуу, түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча өкмөт дыйкандарга кеңеш берген системалуу аракеттерди көрбөсө, дыйкандар аны өстүрүүдөн баш тарта бериши мүмкүн дейт айыл чарба адистери.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG